Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Кара-Суудагы мечит имамы камакта калды


Камоловдун алгачкы соту. Ош шаары. 24-февраль, 2015-жыл
Камоловдун алгачкы соту. Ош шаары. 24-февраль, 2015-жыл

Диний радикализмге чакырык жасаган деген айып менен кармалган имам Рашотхон Камаловдун баш коргоо чарасы 27-майга чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунан билдиришти. Кечээ Ош шаардык соту Рашотхон Камаловдун ишин карап, аны дагы 27-майга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Кара-Суудагы “Ас-Сарахси” мечитинин имамы Рашотхон Камалов элди халифат курууга үндөп, Сириядагы согуш боюнча экстремисттик маанидеги чакырыктарды айткан деген айып менен ушул жылдын 9-февралында кармалган болчу.(YI)

XS
SM
MD
LG