Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Каримов Москвага бара турган болууда


Ислам Каримов. Ташкент, 10-декабрь, 2014-жыл.
Ислам Каримов. Ташкент, 10-декабрь, 2014-жыл.

Өзбек президенти Ислам Каримов Москвада нацисттик Германия үстүнөн болгон согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо салтанаттарына катышарын бүгүн Кремль билдирди.

Орус президентинин кеңешчиси Юрий Ушаковдун айтымында, Каримов Путиндин чакыруусун кабыл алды.

Өзбек президентинин аппаратынын кызматкерлери “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна алар Кремлдин жарыясынан кабардар экенин билдиришти, бирок Каримов Орусияга барарын ырастай албай тургандыктарын айтышты.

Өзбек президенти Москвада 9-майда өтүүчү салтанаттарга катышпай турганы буга чейин бир нече ирет маалымдалган. (UE)

XS
SM
MD
LG