Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Атамбаев: ЕАЭБге кошулуу протоколдоруна кол коюуга үмүттөнөм


Орусиянын расмий өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алууда. Москва, 7-май, 2015-жыл.
Орусиянын расмий өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алууда. Москва, 7-май, 2015-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу Москванын жанындагы Волоколамскта СССРдин Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелик бюстун ачуу учурунда айтканын орус маалымат агенттиктери кабарлашты. Алар Атамбаевдин “эртең (8-май) Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча протоколго кол койом деп үмүттөнөм, биздин тарыхыбыз бир, келечегибиз да бир болушу керек” ,- деген сөзүнө шилтеме берип жазып чыгышты.

8-майда Москвада Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтөт. Анда кол коюлат деп мерчемделген акыркы эки протокол боюнча пикир келишпестиктер бардыгы өткөн аптада ачыкталган.

Кыргызстан Кытайдан инфраструктуралык долбоорлорго келүүчү жабдуулар үчүн бажы жеңилдиктерин жана ветеринардык документтери ЕАЭБнин башка мүчөлөрү тарабынан таанылышын талап кылууда.

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун сөзүнө караганда, Кыргызстан “өкмөттөр аралык деңгээлде макулдашылган протоколдорго бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады, алар союздун калган катышуучулары үчүн логикалуу болбой жатат”.

Премьер-министр Темир Сариев 8-майда акыркы протоколдорго кол коюлса да Казакстан менен чек арадагы бажы бекеттери Кыргызстан менен келишим ЕАЭБнин бардык мүчөлөрү тарабынан ратификациялангандан кийин гана алынарын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG