Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

8-майда АКШ, Британия жана айрым Европа өлкөлөрү Жеңиш күнүн майрамдашат


1945-жылдын 7-май күнү Борбордук Европанын убактысы боюнча саат 02:40та Франциянын Реймс шаарында немис генералы Альфред Йодл Германиянын капитуляциясы тууралуу Актка кол койгон. Актыга союздаштар тараптан Американын генералы Уолтер Беддел-Смит жана СССР тараптан генерал Иван Суслопаров кол койгон. Акт күчүнө 8-май күнү саат 23:01де кирген. Бул күн Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө Фашисттик Германияны жеңген күн катары майрамдалган.

Бирок, Реймсте кол коюлган Актка Сталин канааттанбай, 9-майда Москва убактысы боюнча саат 00:43тө Берлиндеги Карлсхорт аймагында экинчи ирет капитуляцияга кол коюлган. Бул жолу ага СССР тараптан маршал Георгий Жуков, Германиядан фельдмаршал Вильгельм Кейтел кол койгон. Бул убакта Европада али 8-май болчу.

Ушундан улам СССРде Жеңиш күнү 9-майда белгиленип келген.

XS
SM
MD
LG