Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Британиядагы шайлоодо кайрадан Консервативдүү партия жеңди


Консервативдүү партиянын анабашы Дэвид Кэмерoн
Консервативдүү партиянын анабашы Дэвид Кэмерoн

Дэвид Кэмерoн Британияга дагы беш жыл премьер-министр болот. 7-майдагы шайлоодо Кэмерон башындагы Консервативдүү партия 650 орундуу парламенттеги 330 мандатты жеңди. Бул Кэмеронго башкаруучу коалицияны түзүүгө укук берет. Кэмерондун жеңиши эки жыл арасында Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча референдум өткөрүлөт дегенди жышааналайт. Бүгүн эле Кэмерон - салтка ылайык, ханыша Елизавета менен кездешип, жаңы өкмөттү кура аларын айтты.

Оппозициядагы Жумушчу партиясы 25 мандатын жоготконго байланыштуу Эд Милибэнд партия төрагалыгынан кетти. Шотландиянын күнкорсузудугу партиясы 59 мандат алган.

XS
SM
MD
LG