Украин президенти Петро Прошенконун улуттук парламент - Жогорку Раданын сессиясында 8-майда айтканына караганда, өлкө чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Москва колдогон жикчилдер ортосунда бир жылдан бери жүрүп жаткан согушта жети миңге жакын карапайым адам өлгөн. Бир миңден ашуун адам дайынсыз. Бул буга чейин Улуттар Уюму маалымдаган 6100дөн алда канча көп.
Урушта 1657 украин аскери курман болгонун президент Порошенко кошумчалады.
Москва болсо жикчилдерге курал-жарак жана аскердик жактан колдоо көрсөтпөгөнүн айтып келет.