Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Украинанын чыгышында АКШнын эки жараны бошотулду


Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер апрелде кармалган Эл аралык куткаруу комитетинин эки кызматкерин бошотту. Бул тууралуу өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймактын жетекчиси Александр Захарченко билдирди. Захарченко бул адамдар АКШнын Борбордук чалгын кызматынын кызматкерлери болгон деп ырастоодо. Анын маалыматында, кармалгандардын бири аталган аймакта 25 кишини АКШ пайдасына үгүттөөгө жетишкен.

Ал эми Эл аралык куткаруу комитетинин директору Дэвид Милибэнд бошотулган кызматкер учурда коопсуз жайда экенин маалымдады. Анын айтымында, гуманитардык уюмдардын кызматкерлери ар кыл коркунучтарга туш болуп иштеп жатат.

29-апрелде аймакта жикчилдер жүргүзгөн операцияда Эл аралык комитеттин 30 кызматкери кармалганы кабарлаган эле.

XS
SM
MD
LG