Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Орусияда ата-энесин жоготкон баланын туугандары табылды


Бул туурасында “Азаттыкка” Екатеринбург шаарынын тургуну Эркинбек Курманалиев билдирди. Анын айтымында, Екатеринбург шаарында көчөдө жалгыз жүргөн жеринен табылып, ооруканага алынып келинген 4-5 жашар Болсунбектин ата-энеси дагы эле табыла элек. Бирок бүгүн баланын атасынын карындашы Таалайгүл Орозова ага Кыргызстандан телефон аркылуу байланышкан.

Таалайгүл Орозова менен байланышканыбызда ал агасы үй-бүлөсү менен Бишкекте жашаарын, баланын кандайча Екатеринбургга барып калганына түшүнбөй жатканын, агасынан кабар ала албай жатканын билдирди. Бала туурасында ал интернеттеги маалыматтардан улам кабардар болгон.

Болсунбектин айтымында, алар Бишкектен келишкен. Атасынын ысымы Майрамбек, апасыныкы Гүлмира. Бала көчөдө адашып жүргөн учурда милиция алып кеткен. Эмне себептен ооруканада баш калкалап жатканы азырынча белгисиз. (AzK)

XS
SM
MD
LG