Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Ооганстан менен Пакистан “координацияланган операция” баштайт


Наваз Шариф жана Ашраф Гани. Кабул, 12-май, 2015-жыл.
Наваз Шариф жана Ашраф Гани. Кабул, 12-май, 2015-жыл.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф “координацияланган операция” эки өлкөнүн чек арасындагы согушкерлерге каршы башталарын 12-май күнү Кабулда ооган президенти Ашраф Гани менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйында айтты.

Шарифти Кабулга коштоп келгендердин арасында Пакистандын армия башчысы, генерал Рахил Шариф, чалгын кызматынын жетекчиси Ризван Ахтар да болду.

Ооган өкмөтү менен "Талибандын" ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу Пакистан премьери “биз оогандар өздөрү баштаган тынчтык жараянга умтулабыз, Пакистан Ооганстанды кандай кызматташтык болбосун камсыздайт”- деп белгиледи.

Шарифтин ырастоосунда, “Ооганстанды дестабилдештирүүнү көздөгөн кандай аракет болсо да алар тараптан катуу жоопко кабылат".

Ооган жана пакистан лидерлеринин Кабулдагы кездешүүсү алдында жакында Катар өлкөсүндө ооган өкмөтү менен "Талибандын" өкүлдөрү жолуккан эле.

Кабарларга караганда, "Талибан" ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүгө көнгөн, бирок бир нече, анын ичинде өлкөдөн чет элдик аскерлерди чыгаруу талабын койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG