Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Премьер-министр Баткендеги чырды иликтөөнү буйурду


Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиевге Баткен районунда чыккан окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды.

Мындан тышкары өкмөт башчы чырга себеп болгон жагдайларды аныктоо боюнча Өзбекстандын тийиштүү органдары менен биргеликте жүргүзүлүүчү иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын билдирди.

12-майда Баткен районунун Согмент айылынын четиндеги Өзбекстан менен чектеш Какыр жергесинде Баткен районунун Боз-Адыр айылынын үч тургуну кошуна өлкөдөн жашылча-жемиш тартып баратканда чек арачыларга кармалган.

Өзбек тараптын билдирүүсүндө алар чек арачылардын буйругуна баш ийбей койгондо ок чыгарылганы айтылат. Чек арадагы чырдын кесепетинен бир кыргыз жаран каза болду. Дагы бир кыргызстандыкты Өзбекстандын күч кызматкерлери алып кеткен. Каргашалуу окуя болгон Согмент айылынын тургундары Кыргызстанга тиешелүү делген талаштуу аймакка коңшу өлкөнүн чек арачылары кирип келгенин айтышууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG