Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Бишкекте ысык суу менен жылуулукка тариф кымбаттады


Шаар тургундары май айынын башында 1-июндан тарта ысык суу менен жылуулук кымбаттары тууралуу маалымдаманы эсеп кагазы менен чогуу алышты.

“Бишкек жылуулук тармагы” ачык акционердик коомунун билдиришинче, эгер шаар тургундары мурда 1 Гкал жылуулук энергиясы үчүн 917 сом 78 тыйын төлөп келсе, эми бул сумма 1 миң 134 сом 76 тыйын болду.

Буга чейин ысык суу боюнча тариф 1 кишиге 233,3 сом болсо, эми каттоосу бар ар бир шаар тургуну 309,3 сом төлөйт.

Эгер турак үйдө ысык сууга эсептегич орнотулган болсо, анда суунун бир куб метрине шаар тургундары мурунку 48 сом 55 тыйындын ордуна 64 сом 38 тыйын төлөшөт.

Мындан тышкары өндүрүш ишканалары, бюджеттик мекемелер, дарыкана, дүкөн жана башка коммерциялык мекемелер үчүн дагы тариф көтөрүлдү.

Жылуулук энергиясы үчүн алар эми 1 Гкал үчүн мурдагы 1 миң 557,5 сомдун ордуна 1 миң 695,1 сом төлөшөт.

Ысык суу үчүн 1 куб метрге 89 сом 59 тыйындын ордуна 97,19 сом төлөнөт.

“Бишкек жылуулук тармагы” ачык акционердик коомунун маалыматында тарифтер өкмөттүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы токтомуна ылайык көтөрүлдү. (AzK)

XS
SM
MD
LG