Расмий маалыматтарга ылайык, Карачи шаарында куралдуу топ автобусту бутага алып, анда бараткан 43 адамды өлтүрдү. Алардын баары шиит мусулмандары, арасында аялдар жана балдар бар экени айтылууда. Маркумдар 13-май күнү исмаилит агымына таандык зыярат амалдар үчүн бараткан учурда кол салууга туш болгон.
Окуяга жоопкерчиликти “Талибан” уюмунан бөлүнүп чыккан “Жундуллах” тобу мойнуна алып, мындан ары да исмаилиттерге, христиандарга жана шиитерге каршы чабуулдар улана берерин билдиришкен.
200 миллион калкы бар Пакистанда элдин 20 пайызын шииттер түзөт. (SE)