Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Филиппинде фабрикадагы өрттө 70тен көп адам өлдү


Валензуэладагы фабриканын өрттө тирүү калган жумушчусу тилсиз жоо кыйраткан ишкананы карап турат. Манила, 14-май 2015.
Валензуэладагы фабриканын өрттө тирүү калган жумушчусу тилсиз жоо кыйраткан ишкананы карап турат. Манила, 14-май 2015.

Филиппиндеги бут кийимдер фабрикасындагы өрттөн өлгөндөрдүн саны 72ге жетти. Маниланын четиндеги Валензуэладагы 13-майдагы өрттө жабыркаган эки кабат фабриканын имаратынан алынып чыккан денелерди таанып болбойт.

Kentex Manufacturing Inc компаниясына караштуу ишканада сандал, жаргак, бутка илмелер сыяктуу жайкы бут кийимдер тигилчү. Ширеткич аппараттан чачыраган учкун желим сандалдарды жасоодо колдонуучу химикаттар салынган контейнерге тийгенде ал жарылып, фабриканы өрт каптаган.

XS
SM
MD
LG