Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Ош аэропортундагы кол салууга шектүү дагы үч адам кармалды


Ош эл аралык аэропортундагы 5,6 млн долларды карактоого шектелген үч киши Казакстандан жана Орусиядан кармалды. Мурдараак Кызыл-Кыя шаарынын төрт тургуну бул кылмышка тиешеси бар деп колго түшүп, ири суммадагы акча жана курал табылган болчу.

Жакында алардын табакташы деген эки казакстандык, бир орусиялык жаран кармалганын, аларды Кыргызстанга өткөрүү боюнча казак жана орус бийлигине билдирүү жөнөтүлөрүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

2014-жылдын 27-декабрында беткап кийип, куралданган беш адам Ош аба майданынын VIP залына кирип, атайын операция жүрүп жатканын айткан жана элди полго жатууга мажбурлашкан. Андан соң үч-төрт баштыкты жана бир адамды өздөрү менен кошо алып кетишкен. Белгисиз адамдардын колунда Калашников автоматы, Макаров тапанчасы жана видео камералары болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG