Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Аба ырайы: чукул эскертүү


18-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

18-май күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,

Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнксүн 9...14, күндүз 22...27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,

Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG