Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Ысык-Көлдө кара тумоонун очокторуна дары себүүгө ат жетишсиз болууда


Ысык-Көлдө кара тумоонун очокторуна дары себүүгө ат жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Караколдогу кара тумоого каршы станциянын жетекчиси Равшан Маймулов билдирди.

Анын айтымында, өтө кооптуу деген табигый очокторго себүү үчүн 15 тонна дуст алынып келинди. Бул 45 миң гектар жерге жетет. Учурда 10 ат бар, дагы кошумча 15 ат керек болууда.

Бул жолу дары чачууну уюштурууга мамлекеттен 400 миң сом бөлүнгөн.

Ысык-Көл облусу боюнча кара тумоонун табигый очогу жалпы 1 млн 250 миң гектар аянтты ээлейт.

Эки жыл мурда Ак-Суу районунда кара тумоодон 15 жаштагы бала каза тапкан болчу. (AsA)

XS
SM
MD
LG