Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Пенсионердин “Тез жардам” боюнча даттануусун министрлик текшерет


Мурда Жайыл районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген пенсионер Людмила Иващенко аталган мекеменин башчылары менен соттошуп жатканын айтып, бул маселени чечип берүү суранычы менен бийликке кайрылды. Бирок президентке, өкмөт башчыга жана Саламаттыкты сактоо министрлигине жазган билдирүүсүнө жооп келбей жатканын маалымдады

Маалыматка ылайык, быйыл 2-апрелде күйөөсүнүн мурду канап, “Тез жардам” чакырган. Бирок алгачкы медициналык көмөк көрсөтүлгөндөн соң өмүрлүк жолдошунун мурдунда көгала пайда болгон. Түндө кайра “Тез жардам” чакырганын, бирок догдурлар таңга жуук келгенин айтат Иващенко. Бул окуядан соң “Тез жардам” тармагына көңүл бурууну суранып, бийликке арыз жолдогон аялдын үстүнөн аталган медициналык мекеменин жетекчилиги сотко кайрылган. Алар ар-намыска шек келтирди деген кине менен 350 миң сом төлөп беришин талап кылган.

Иващенко бийликке жазган билдирүүсүнө жооп келбей туруп, минтип сот жообуна тартылышы мүмкүн экенин айтып, адилеттик издөөдө. Азырынча аны сотко берген тарап менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги Иващенконун арызы жакында караларын, мекемеге түшкөн билдирүүлөр эрежеге ылайык кезек менен текшерилерин “Азаттыкка” билдиришти.

Людмила Иващенко мурда Саламаттыкты сактоо тармагынын отличниги наамын алган. (SE)

XS
SM
MD
LG