Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:52

Аба ырайы: жаан жаайт


Кыргызстандын аймагында 25-майга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар, 22-майда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

22-майдан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18 градус, тоо этектеринде 10…15 градус, бийик тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болот.

25-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 13...18,

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 10...15,

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 13...18,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12...17, күндүз 14...19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 12...17,

Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5 градус жылуу болот.

22-майда Бишкек шаарында катуу жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 14…16 градус жылуу болот.(КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG