Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Көөнө Палмираны ИМ ээлегенин Сирия өкмөтү тастыктады


 Палмира шаардык музейиндеги байыркы эстеликтердин бир тобу. 18-апрель 2008
Палмира шаардык музейиндеги байыркы эстеликтердин бир тобу. 18-апрель 2008

Сириянын байыркы Палмира шаарын “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары алды. Бул жөнүндө Сириянын өкмөттүк телеканалы бүгүн 21-майда кабарлады: “Сириянын улуттук коргонуу күчтөрү Палмирадан көпчүлүк карайпайым калк чыгып кеткенин тастыктагандан кийин аларды Даиштин террорчуларынын мыкаачылыгынан коргоо үчүн шаардан чыгып кетти. Чоң сандагы жоо шаарга кирди жана анын археологиялык жайларына жетүүгө аракет кылууда”.

Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдун билдиришинче, жихадчылар менен болгон акыркы салгылашта Сирия армиясы 100гө жакын жоокеринен ажырады. I-II кылымдарда курулган Палмиранын сакталып калган бөлүктөрүн ЮНЕСКО дүйнөлүк маданий дөөлөт деп жарыялаган. Жихадчылар Иракта археологиялык жайларды жана байыркы эстеликтерди таш-талкан кылышкан.

XS
SM
MD
LG