Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Таласта зордукталган келиндин иши боюнча сот өкүмү чыкты


Акыйкатчынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Арзыкан Момунтаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, 21-майда Сокулук райондук соту эки жыл мурда Калия Арабекованы зордуктады деп айыпталып жаткан сот аткаруучулар Карымбаев Ильгиз, Алыбаев Алтынбек, Кененсариев Мукаш боюнча өкүм чыгарды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча (тобу менен зордуктоо) жазага тартылып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылды.

Арзыкан Момунтаеванын айтымында, сот бул өкүм 10 күндөн кийин күчүнө кирет деп чечим чыгаргандыктан айыптуулар сот залынан камакка алынган эмес, мындан улам жабырлануучу Калия Арабекова дароо эле коркутууларга туш болгон.

31 жаштагы Калия Арабекова аны алимент алып келдик деген шылтоо менен Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары 2013-жылы 30-декабрда зордукташканын айтып, сотко кайрылган эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG