Өзбекстанга суу чогултуп берүүчү Кемпирабад суу сактагычына көп көлөмдөгү суу толуп, эгер алар эскертүүсүз агызып жиберсе Сузактын Кара-Дарыя айылын, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун кээ бир аймактарын сел алып кетиши мүмкүн. Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жалал-Абаддагы штабдык жыйын учурунда билдирди. Ошол себептүү өзбек тарап менен сүйлөшүүгө барыш керек жана эскертүү билдирилиши зарыл деди министр.
Мындан сырткары Боронов жээктерди бекемдөөдө техника жагынан жергиликтүү бийлик жана жеке ишкерлерди жардам берүүгө чакырды. Учурда ӨКМ тарабынан Көк-Арт, Кара-Дарыя, Кара-Үңкүр дарыяларынын кээ бир жерлерин бекемдөө иштери алынып барылууда.
Кемпирабад суу сактагычынын негизги бөлүгү Ош облусунун аймагында жайгашкан. Кара-Дарыя суусуна курулган суу сактагычка Кыргызстан тараптан Жазы, Савай суулары, Өзбекстандан Шахрихансай, Анжиянсай суулары куят. Суу сактагыч Өзбекстандын Анжиян ГЭСин иштетүү жана пахта талааларын сугаруу үчүн курулуп, 1978-жылы ишке киргизилген.(ZKo;RsK)