Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Москва: Чет элдик айдоочулук күбөлүктөргө эки жылга уруксат берилди


Орусияда чет элдик жарандар улуттук айдоочулук күбөлүк менен 2017-жылдын 1-июнуна чейин иштей алышат. Бул тууралуу Орусиянын президентинин расмий сайтында жарыяланды. Анда чет элдик айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилгени айтылган.

Буга чейин чет элдик айдоочуларга улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө ушул жылдын 1-июнуна чейин гана уруксат берилген. Орусиянын "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жүргүнчү ташыган маршруттук транспортторду башкарган жана кызматтык унаа айдаган мигранттар айдоочулук күбөлүгүн Орусиянын күбөлүгүнө алмаштыруусу зарыл эле.(LzT)

XS
SM
MD
LG