Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Бокоев: Чуулгандуу иштер боюнча жыйынтык жок


Кыргызстанда бир катар чуулгандуу кылмыш иштер боюнча жыйынтык жок болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев айтып чыкты. Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы, экс-президент Бакиевдин жана анын жакындарынын мүлкү боюнча козголгон кылмыш иштердин жыйынтыгы белгисиз бойдон калууда. Ошондуктан депутат тартип коргоо органдары маалымат берүүсүн талап кылды.

Былтыр Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия дирекциянын биринчи төрагасы, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди “ири каржылык мыйзам бузуу орун алган, үйлөр сапатсыз курулган, миллиондогон каражаттын эсеби жок, акчага көзөмөл болгон эмес, коррупцияга атайылап жол ачылган” деп айыптаган. Анын негизинде Эсеп палатасы жана Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, төрт кылмыш иш козгогон.

Ушул тушта анын үчөө убактылуу токтоп турат, ал эми бирөө кылмыштын белгилери аныкталган жок деген жүйө менен тергөөдө эле кыскарып кеткен. Баш прокурор Индира Жолдубаева бул иш кайра каралаарын убада кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG