Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Оппозиция Үркүн боюнча комиссия түздү


Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы улутчул күчтөр Үркүндүн 100 жылдыгы боюнча өзүнчө саясий-коомдук комиссия түздү. Мындай чечим кечээ Бишкекте өткөн жыйында кабыл алынганын комиссиянын төрагасы, коомдук жана саясий ишмер Азимбек Бекназаров бүгүн "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, комиссия Үркүн эмне себептен чыкканын, кыргыз улутуна карата геноцид болгонбу же жокпу, эмне себептен бул окуя боюнча мамлекеттик бир бүтүм чыгарылбай, курман болгондордун сөөгү көмүлбөй келгенин иликтеп чыгат. Саясий жана тарыхый тыянагын аталган комиссия 11-августта Барскоондо элдик жыйын өткөрүп, делегаттардын алдында жарыялап, отчет бере турган болду.

- Комиссиянын курамына Үркүн маселесине күйүп жүргөн адамдар кирди - КДК, "Асаба" өкүлдөрү, жаш муундагы улутчул күчтөр жана коомдук-саясий ишмерлер, - деди Бекназаров.

Комиссиянын курамына 20дан ашык адам кирди. Жакын арада Бишкекте анын коомдук кабылдамасы ачылганы жатат. Иликтөөгө Үркүндөн жабыркагандардын тукумдары да тартылганы жатат.

Кечээ, 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Үркүндүн 100 жылдыгына карата бул каргашалуу окуяга объективдүү тарыхый баа берүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, изилдөөгө, ашууларда мерт болгондордун сөөгүн жерге берүүгө, эстелик орнотууга өлкө башчынын фондунан 10 миллион сом бөлүнгөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG