Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Кочкордо ишкерлер форуму өтүүдө


Кочкордо Нарын облусунун экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча бизнес-форум өтүүдө. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын айтымында, ага жергиликтүү бийлик, эл аралык уюмдардын жана Индия, Кытай, Германия элчиликтеринин өкүлдөрү, фермерлер катышууда.

Талкууланып жаткан негизги маселелер - Нарындын экономикасын өнүктүрүү, жергиликтүү фермерлер өндүргөн продукцияны сатууга мүмкүнчүлүк түзүү, логистикалык борбор, кампаларды ачуу аркылуу аймактык соода-сатыкка аралашууга шарт түзүү.

Нарында негизинен картошка жана эт азыктары көп өндүрүлөт. (MiK)

XS
SM
MD
LG