Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Нурада дагы жер титиреди


Алай районундагы Нура айылында бүгүн түшкү саат 1ден өткөндө жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, силкинүүнүн күчү 2 балл болду. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

2008-жылы 5-октябрда Нурада күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган.

Ал эми быйыл аталган айылда 25-мартта күчү 3,5 балл, 2-майда 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG