Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Кыргызстандан Сирияга кетип жаткан жети киши кармалды


Алардын арасында аялдар жана балдар бар. Алдын ала маалыматтар боюнча алар Сирияга Казакстан аркылуу чыгып кетмекчи болушкан. 27-майда алардын Кара-Балта шаарындагы турган орду аныкталып, ошол жерден кармалып, ИИМдин 10-башкармалыгынын абагына жеткирилген.

Ушул окуя жана дагы Сириядагы согушка катышуу үчүн Кыргызстандын жарандарын азгыруу жана жөнөтүүнүн жолдорун аныктоо багытында жүргүзүлүп жаткан оперативдүү иш-чаралар тууралуу бүгүн ИИМдин 10-башкармалыгы маалымат берет. “Кабар” агенттигинде өтүүчү маалымат жыйынына аталган башкармалыктын жетекчи орун басары Раим Салимов менен ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов катышат.

2013-жылдан бери Сириядагы согушка катышуу үчүн Кыргызстандан кеткен жарандардын расмий такталганы 350гө чамалуу. Алардын арасында аялдар да бар, ошондой эле жашы өтүп калган ата-энелерин, жаш балдарын алып кеткендер да болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG