Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Орус өкмөтү кыргыз мигранттарына шартты жеңилдеткен келишимди жактырды


Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен миграциялык режимди жеңилдетүү боюнча келишимди жактырды. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн расмий сайтында кабарланды. Аталган келишимге ылайык, Орусиянын аймагында убактылуу иштөө үчүн келген мигранттарды 30 күн ичинде каттоодон өтүүдөн бошотот. Аталган келишим орус президентинин кароосуна жөнөтүлдү. Президент жактырган соң күчүнө кирет.

20-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимди ратификациялады. Андан бир күн өтпөй президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Буга чейин Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу менен Орусиядагы мигранттардын шарттары жеңилдетилери айтылган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG