Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Тажикстанда террорчуларга кошулган полковниктин иши иликтенүүдө


Тажик бийликтери “Ислам мамлекети” радикал тобуна кошулуп кеткен полковник боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлү Манучехр Махмудзода билдирди.

Тажикстандык полковник, ОМОНдун мурдагы командири Гүлмурод Халимов Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганын ушул аптада интернетте жарыялаган эле. 40 жаштагы полковник 23-апрелде иш ордунда кызматтык күбөлүгүн калтырып, дарегин айтпастан дайынсыз жоголгон. Интернетке чыккан тасмада Халимов орус тилинде мекендештерин “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлерине кошулуп, жихадга аттанууга үндөйт.

Согушкерлерге кошулган полковник үч жолу атайын программа менен АКШда аскерий машыгуулардан өткөнү айтылган. Бул маалыматты Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти да тастыктады.

XS
SM
MD
LG