Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Украинанын чыгышында беш адам мерт болду


Ок атышууну токтотуу келишимдерине карабай, Украина чыгышында беш адам өлтүрүлдү. Украин армиясынын өкүлү бүгүн акыркы 24 саат ичинде үч аскер каза таап, дагы төрт жоокер жаракат алганын билдирди. Ал ошондой эле Маринка кыштагынын чет жакасында эки украин аскери кармалып кеткенин кошумчалады.

Орусиячыл жикчилдердин маалыматы боюнча, 31-майдагы аткылашууда эки жайкын тургун ажал таап, беш киши жаракат алды. Өлгөндөрдүн бири Широкино кыштагында катталган жана ал акыркы жумадагы кырчылдашкан кармаштарга күбө болгон.

Бул арада Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңсеси Украинадагы урушта апаат кеткендер боюнча жаңы сандарды жарыялап, алардын саны 6400 кишиден ашканын билдирди.

XS
SM
MD
LG