Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

ТИМ Жемилевдин айыптоосуна жооп кайтарды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги крым татарларынын лидери, Жогорку Раданын депутаты Мустафа Жемилевдин кыргыз бийлигин айыптоосуна жооп кайтарды.

Башка өлкөнүн жараны эркин мамлекеттин эгемендигинен шек санашы жана ал тууралуу терс маанидеги пикирин айтышы орунсуз деген Кыргызстандын ТИМи бул боюнча Украинанын тышкы иштер мекемесине ТИМине каршылык нотасын жиберди. Жемилевдин “Кыргызстандын кожоюндары” тууралуу орунсуз жана кемсинткен билдирүүсү кыргыз-украин мамилесине доо кетириши мүмкүн деп айтылат нотада.

2-июнда “Манас” аэропортунда Бишкекке конференцияга келген крым татарларынын өкүлү, Жемилевдин кеңешчиси Рустем Умеров кармалган. Кийинчерээк ИИМ Умеров жаңылыш кармалганын жана дароо кое берилгенин, Жемилев өзү кармалбагандыгын билдиришкен.

Жемилев фейсбуктагы баракчасына "Манас" аэропортунда өзү да үч саат кармалганын жазып, бул аракет “Кыргызстандын кожоюндарынын заказы” деп атаган. Ал “Кыргызстандын кожоюндары” деп Орусияны ишара кылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG