Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

Блейзер ФИФА аткаминерлери пара алганын сотто тастыктады


Дүйнөлүк футбол федерациясы – ФИФАнын аткаруу комитетинин мурдагы мүчөсү Чак Блейзер Америка сотунда көрсөтмө берип жатып уюмдун аткаминерлери пара алганын тастыктады. Анын айтымында, 2010-жылкы дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүүнү Түштүк Африка Республикасынын пайдасына чечүү үчүн коррупциялык жолго барышкан.

27-майда Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын мартабалуу жети өкүлү паракорлукка шектелип, камакка алынган. Аларды полиция дүйнө чемпионаттарын өткөрүүдө шаарларды тандоо жараяны боюнча жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында кармаган.

ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер 2-июнда кызматтан кетерин жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG