Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Орусия "Сорос" фондун жагымсыз уюмдардын катарына кошуусу мүмкүн


Мамлекеттик Думанын депутаттары "Сорос" фонду деген ат менен белгилүү “Ачык коом” институтун жагымсыз уюмдардын катарына кошуу боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.

Коммунисттер партиясынын депутаттары "Сорос" фонду ондогон жылдар бою Орусияга каршы иштеп келет деп билишет. Алардын пикиринде америкалык финансист Жорж Сорос СССРдин кулашына, түстүү революцияларга жана Украинадагы Евромайданга чоң салым кошкон.

Путин эл аралык жагымсыз уюмдардын ишмердигине тыюу салган мыйзамга 23-майда кол койгон. Ага ылайык чет өлкөлөрдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар Орусиянын конституциялык түзүлүшүнө жана мамлекеттик коопсуздугуна кооптуу деп табылат. Батыш бул мыйзамды катуу сындап келет.

XS
SM
MD
LG