Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунда 5-17 жашка чейинки балдардын 72,8% жашына жана өнүгүүсүнө туура келбеген ишти атарышат. Анын ичинен кооптуу жерде иштегендер 30% түзөт.
Эл аралык уюмдун өкүлдөрү бул сан 2007-жылы мындан 7-8% пайызга жогору болгонун белгилешүүдө.
Базарларда араба түртүү, унаа жуучу жайларда иштөө, таштанды терүү, жалданып иштөөчү жайларда жана радиациялык нур чыгышы мүмкүн болгон жерлерде эмгектенүү балдар үчүн оор жумуш экени айтылды.
Анткен менен социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Эл аралык эмгек уюму келтирген статистикаларга кошулбайт.
Министрдин айтымында, азыр өлкөдө жашы жете электер үчүн кайсы жумуштар оор жана кандай жумуштарга иштөөгө уруксат берилери тууралуу так маалымат жок. Министр бул боюнча мамлекеттик мекемелер жакын арада өз маалыматын чогултат деп билдирди. (AsA)