Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Июнь коогасында бири-бирин куткарган улут өкүлдөрүн сыйлоо демилгеси көтөрүлдү


2010-жылдагы июнь коогалаңында касташкан улут өкүлүн өз үйүндө куткарып калгандарды сыйлоо керек. Мындай демилгени укук коргоочу Изатилла Рахматуллаев көтөрүүдө. Ал коогалаң маалында өз үй-бүлөсүнүн өмүрүн тобокелге салган мындай учурлар көп болгонун билдирүүдө.

“Ошол куткаруучулар бааланбай калды. Өрттөн бирөөнү куткарган адамга баатыр деп сыйлык беришет. Коогалаңдан бир нече үй-бүлөлөрдү куткаргандар да алкышка татышы керек”,- дейт укук коргоочу.

Быйыл 2010-жылдагы июнь окуясына беш жыл болот. 2010-жылы 10-июнда Ошто улуттар аралык жаңжал тутанып, анда 400дөн ашуун киши набыт болгон. Ондогон адамдар бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Жаңы курулган үйлөрдөн каза болгондордун жакындарына батир берилгени менен, дагы миңдей адам турак жай ала элек. (YI)

XS
SM
MD
LG