Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Кылычбек Арпачиевдин соту жылды


Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурунку башчысы Кылычбек Арпачиевге байланыштуу сот иши 8-июнда болбой калды. Ага Арпачиевдин ден соолугуна байланыштуу адвокаттын сотту которуу өтүнүчү себеп болду.

Соттук отурум 25-июнга белгиленди.

Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалган. Кылычбек Арпачиев 200 миң доллар талап кылып жатат деп Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун уулу УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызматка кайрылган. УКМК кармоо ишин аткарган. (AiT)

XS
SM
MD
LG