Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Киевдин жанында мунай базасы өрттөнүүдө


Украина -- Василков шаарынын тургундары өрттөнүп жаткан мунай базасын карап турат, 8-июнь, 2015.

Тилсиз жоо бир адамдын өмүрүн алып, дагы 6 киши ооруканага жиберилгени маалымдалды. Өрт өчүргүчтөрдүн аракети майнапсыз болуп, тилсиз жоо каптаган аймак кеңейүүдө. Азыр 16 мунай кампасы күйүп жатат. Окуя болгон жерден "Украина 112" кабарчысы соңку жарым саатта эле элүүдөн ашуун жарылуунун үнү угулганын билдирди.

Украин ички иштер министри Арсен Аваков Улуттук гвардиянын аскерлери да кырсык болгон жерге жиберилгенин кабарлады.

Украин баш калаасынан 30 чакырымдай аралыктагы Васильков шаарына жакын жайгашкан мунай базасындагы өрт кечээ кечинде башталган. Өрт адегенде мунай сактаган бир кампадан чыгып, жанындагы 900 метр куб. көлөмдөгү сегиз кампага жайылган.

Ички иштер министри Арсен Аваков Твиттерге бул аймакта дагы бир мунай базасы бар экенин, андагы адамдар чыгарылып, курчоого алынганын жазды.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG