Аба ырайы
Кыргызстанда 10-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 8....13, 22....27;
Талас өрөөнүндө 5....10, 21....26;
Ош, Жалал-Абад аймактарында 11....16, 23....28;
Баткен областында 8....13, 22....27;
Ысык-Көл областында 8...13, 17...22;
Нарын областында 7....12, 17....22 градус жылуу болот.
Бишкекте эртең жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 25…27 градус жылуу болот. (AzK)