Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Ошто июнь коогалаңынын курмандыктары эскерилди


Ошто июнь коогалаңынын курмандыктары эскерилди.

Бүгүн Ошто жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда каза болгондордун жакындары “Эненин көз жашы” монументинин алдында 2010-жылдагы июнь коогасынын курмандыктарын эскеришти.

Монументке гүлчамбар коюшуп, курман болгондорго багыштап куран окушту. Андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коогалаңда каза болгон жана дайынсыз жоголгондордун айрымдарынын үйүнө барышып, бата кылышты.

Мындан 5 жыл мурунку коогалаң учурунда Ош жана Жалал-Абадда 476 адам каза болгон. Андан сырткары 129 адам дайынсыз жоголгон. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, алардын 112синин сөөгү табылган. Калган 17синин ушул күнгө чейин дайыны жок. Андан сырткары күйүп кеткен 19 сөөктүн өздүгү азыркы күнгө чейин аныктала элек. (YI)

XS
SM
MD
LG