Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Муфтий Максат Токтомушев шылуунга алданганы белгилүү болду


Бул тууралуу бүгүн жаш активист Мавлян Аскарбеков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, анын апасы жана муфтий Максат Токтомушев менен кошо алты кишини Нурлан Дүйшекеев аттуу жаран жер алып берем деп алдап, акчасын алган. Маалыматка ылайык, арыз жазган алты адамдын алдаткан акчасынын суммасы 244 миң долларды түзөт. Анын ичинен Мавлян Аскарбековдун апасы 17 миң долларын, муфтий Максат Токтомушев 17 миң долларын алдаткан.

Аскарбековдун айтымында, Нурлан Дүйшекеев 2007-жылдан бери 44 кишини жер алып берип, бизнес ачабыз деп алдаган. Бул жаран үстүбүздөгү жылдын 26-майында кармалып, кылмыш иши козголгон жана ушул тапта ал №1 убактылуу тергөө абагында жатат. Арыздануучулар ал ИИМдин 5-башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Низахун Алахуновдун кайниси экендигин айтып, буга байланыштуу ага 2007-жылдан бери иш козголбой келгенин, эми дагы ал киши боюнча тергөө иштерине басым жасалып жатканын билдиришти. Алар шылуундукка шектелип жаткан жаран эркиндикке чыгып кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Шектүүгө алданган жарандардын ичинен эки адам инсульт алып, бири түрмөдө эки жыл жатып чыкканы дагы айтылууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Нурлан Дүйшекеевге кылмыш иши козголгонун тастыктап, бирок анын ИИМдин 5-башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Низахун Алахунов менен эч кандай байланышы жоктугун билдирүүдө. (AzK\UEz)

XS
SM
MD
LG