Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

ДБ өнүгүп келаткан өлкөлөрдө экономика солгундарын эскертти


Дүйнөлүк банктын соңку билдирүүсүндө айтылгандай, өнүгүп келаткан өлкөлөр алдыдагы айларда экономика солгундарына жана базардагы туруксуздукка күбө болушу күтүлөт. Мындан көбүрөөк зыян тартуучу аймак - Европа менен Борбор Азиянын өнүгүп келаткан мамлекеттери. Буга Орусиядагы рецессия жана Украинадагы жаңжал да салым кошууда.

“Биз өнүгүп келаткан өлкөлөргө белди бекемирээк буугула деп кеңеш беребиз”, - деди Дүйнөлүк банктын экономисти Каушик Басу. Анын айтымында, АКШнын Улуттук банкы азыр 2000-жылдардын ортосунан бери биринчи жолу насыялар боюнча үстөгүн көтөрүүгө багыт алууда.

АКШда насыялар боюнча үстөктүн төмөндүгү кезинде өнүгүп келаткан өлкөлөрдү көздөй инвестиция агылуусун шарттаган. Эгер үстөк көтөрүлсө, карызга алынуучу акча кымбаттайт, инвестиция тартуу кыйындайт. Мындан да олуттуусу - АКШда насыялар боюнча үстөктүн көтөрүлүшү акыркы бир жылда долларга карата катнашы арзандап кеткен улуттук валюталарга кысымды күчөтөт.

Дүйнөлүк банк АКШнын Федералдык резерв системасын насыялар боюнча үстөктү көтөрүү маселесин кийинки жылга чейин калтырып турууга чакырды. Анткени банктын эсебинде, келерки жылга барып дүйнөлүк экономиканын саламаттыгы чыңдалып калат. (UE)

XS
SM
MD
LG