Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:18

Пан Ги Мун коога кесепетин жоюу боюнча төрт сунуш айтты


Пан Ги Мун жана Темир Сариев Оштогу "Эненин көз жашы" монументине гүл коюп жатышат. 11-июнь, 2015-жыл.

2010-жылдагы Июнь коогалаңынын курмандыктарын эскерүүгө келген БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун жергиликтүү бийлик менен жолугушууда калаба кесепеттерин жоюу боюнча төрт сунуш айтты. Биринчиси - улутуна карабай, адам укуктарын тең сактоо жана беш жыл мурунку согушту бейтарап иликтөө, экинчиси - жаңжалда адам өмүрүн кыйгандарды жазалоо, үчүнчүсү - калабаны териштирүү учурунда тараптарды нааразы кылган сот чечимдерин кайра карап чыгуу, төртүнчүсү - улут аралык ымаланы бекемдөөнү күчөтүүгө жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу.

Пан Ги Мун Борбор Азияга сапарынын алкагында 11-июнда Кыргызстанга келген. Бишкекте бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, парламентаризмди өнүктүрүү жыйынына катышкан соң Ошко барган. (YI)

XS
SM
MD
LG