Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Акыйкатчы парламент чечими боюнча Конституциялык палатага даттанат


Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев анын жылдык баяндамасын канааттандырарлык эмес деп тапкан Жогорку Кеңештин чечими боюнча Конституциялык палатага арызданат. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү билдирди. Айтымы, парламент баш мыйзам боюнча акыйкатчыга баа бере албайт.

- Алардын чечими Баш мыйзамга да, эл аралык нормаларга да туура келбейт. Анткени акыйкатчы отчет бербейт, адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат гана берет. Менин маалыматымды жөн эле угуп коюш керек болчу. Канааттандырарлык эмес деп баалагыдай отчет эмес да, - деди Аманбаев.

Акыйкатчы парламент аны иштен алгысы келип жатканын кошумчалады. Анын жүйөсүндө депутаттар үчүн алардын талаптарына моюн толгобогон, тилалчаак акыйкатчы керек.

10-июнда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык отчетун угуп, аны канааттандырарлык эмес деп тапкан. Бакыт Аманбаев 2013-жылдын 3-октябрынан бери акыйкатчы кызматын аркалап келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG