Жазасын албаган мал ууру
Мал уурдоого шектүү катары убактылуу тергөө абагына киргизилген адамдын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү жергиликтүүлөрдү тынчсыздандырууда. Сот чечимине нааразылыктардын себептерин, шек туудурган адамдын чоо-жайын “Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Жаныкул Жайыл районун аймагында жашаган тургундардан сураштырып, милициянын жана соттун жүйөөлөрүн угуп келди.