Фестивал 31-июлдан башталып, 9-августка чейин уланат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Борбор Азиядагы уз-чеберлердин, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген “Оймо” эл аралык фестивалынын алгачкы бөлүгү 31-июлда Бишкекте ачылып, 3-августтан баштап Чолпон-Ата шаарында уланат.
Уюштуруучулардын айтымында, фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн 150дөй уз-чеберлер катышуусу күтүлүүдө. Уз-чеберлер өздөрүнүн буюм-тайымдарын көргөзмөгө алып чыгат. Иш-чаранын алкагында чеберлер тиккен буюмдардын жармаңкеси жана каалоочулар үчүн атайын сабактар уюштурулган. Фестивал быйыл 10-жолу өтүп жатат. (TSh)