Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Киев украин консулдугуна жасалган чабуулду териштирүүнү Москвадан талап кылат


Украина Орусиядан Москва жана Ростов-на-Дону шаарларындагы дипломатиялык имараттарга жасалган чабуулдардын айынан пайда болгон чыгымдарды төлөп бериши керек деп билдирди. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин катында күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартуу керектиги айтылат.

Дипломатиялык миссияны аткарган имаратка жасалган чабуул эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну күчөттү. Ушул маалда Украинанын чыгышында украин аскерлери менен орусиячыл жикчилердин согушу уланууда.

12-июнда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында белгисиз бирөөлөр Украинанын башкы консулдугунун имаратына бөтөлкө, жумуртка, помидор ыргытышкан. Жергиликтүү журналисттерге полиция белгисиз адамдарды кармай албай калганын маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG