Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Спикер Асылбек Жээнбеков баштаган делегация Казакстанда жүрөт


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегациянын Казакстандагы иш сапары башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз делегациясы Казакстан Эл ассамблеясынын 20 жылдыгына арналган «Казакстандын жолу: Биримдик. Патриоттуулук. Реформалар» деген аталыштагы эл аралык конференцияга катышат. Ошондой эле казак мажилисинин төрагасы Кабибулла Жакупов менен жолугушат.

Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин делегациясы “Астана ЭКСПО – 2017” эл аралык көргөзмөсүнө карата даярдык менен таанышып, Астана шаарындагы кыргыз диаспорасы менен жолугушмакчы. (TSh)

XS
SM
MD
LG