Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Сузакта “хизбутчу” деп шектелгендердин үйүнөн экстремисттик материалдар табылды


Жалал-Абаддын Сузак районунда экстремисттик “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү аныкталып, биринин үйүнөн ок атуучу курал табылды.

Облустук милициянын маалыматында өткөн дем алыш күндөрү райондо “хизбутчу" деп шектелип жүргөндөрдүн үйү тинтүүгө алынган. Жыйынтыгында 41 жаштагы К.М. аттуу жарандын үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдар жана мылтык табылган. Ал эми 30 жаштагы А.И. аттуу жашоочунун үйүнөн диний китептер, DVD дисктер, баракчалар табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG