Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Төрт тажик чек арачы талиптердин колунан бошотулду


Ооганстандагы “Талибан” кыймылы барымтадагы төрт тажик чек арачыны Катардын ортомчулугу менен бошотту.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин 15-июндагы билдирүүсүндө төрт киши “гуманитардык себептерден” улам бошотулганы айтылат.

Душанбе азырынча окуяга комментарий бере элек.

Талиптер чек арачыларды Ооганстандын түндүгүндө тажик-ооган чек арасына чукул жерде өткөн декабрда кармап кетишкен. Маалыматтарга караганда алар отун терип жүргөндө колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG