Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлү Улан Куловдун маалыматына караганда, июндун ичинде күйүүчү-майлоочу майдын баасы 12% жогорулашы мүмкүн.
Буга орусиялык заводдордо баанын көтөрүлүшү жана сезондук факторлор таасир этүүдө. Ошондой эле 1-июндан тарта бензинге акциздик салыкты көбөйтүү боюнча өкмөттүн чечими ишке кирген.
Баш калаада Аи-80 маркасындагы бензиндин баасы бир сомго кымбаттады. Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында 50 тыйынга көтөрүлдү.
Аи-92 Бишкек, Чүй, Ош, Баткен облустарында 50 тыйынга, Жалал-Абадда 1 сомго өстү. Ал эми керосиндин баасы Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарында бир сомго өскөнү байкалды. (TSh)